КАРАПАЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАПАЧЫЛЫК , к у м а р а ч ы л ы к – чопо­ну бышырып, түрдүү буюмдарды (идиш-аяк, оюн­чук, сувенир, чырак, кирпич, черепица ж. б.) жасап чыгаруу. К. от сыяктуу улуу ойлоп табуу­лар м-н бир катарда турат ж-а адамзаттын жа­пайылыктан варварчылыкка өтүшүнүн жы­шааны болгон. О. кылымда дүйнөдөгү отурук­ташкан элдин көпчүлүгү К-ты өздөштүргөн. Алгач К-тын жөнөкөй ыкмалары колдонулса,

кийин төмөндө­гүдөй технол. ык­малар пайдал а­нылган: 1) д а я р­д о о иши. 2) ж а­с о о иши. 3) б е­к е м д ө ө иши. Карапа үчүн кума­ра очогу ж-а ку­мара чарыгы кол­донулат. Кумара очогу – ку мара буюмдарын бышыруучу меш. Ал байыркы Чы­гыш өлкөлөрүндө б. з. ч. 3-миң жылдыкта пай­да болгон. Кумара чарыгы – идиш ж. б. карапа буюмдарын формалоо үчүн айлануу инерциясын пайдаланып, буюмдун формасын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген жөнөкөй станок. К ө р к ө м к а р а п а­ч ы л ы к т ы н өнүгүшүндө карапа жасоочу чопо ж-а анын аралашмасын, калыбын түшүрүү, бышыруу, ийлөө ж-а буюмдун бетин кооздоо ык­маларын табуу зор роль ойноду. Кытайдын чы­дамдуу чыны буюмдары Европа м-н Азиянын көп өлкөлөрүндө көркөм К-нын өнүгүшүнө кыйла таасир тийгизди. Анын негизинде Самарканд м-н Бухарада чынылап капталган имараттар пайда болгон (10–15-к.). Кырг-нда көркөм К. ки­йинчерээк өнүгө баштады. К. чеберлери жердик­ке Кара-Кеченин ак, Өзгөн, Ивановканын кы­зыл, Таластын сары ж-а Кажы-Сайдын көгүш топурактарын пайдаланат. Карапачы алгач жа­салуучу буюмдун үлгүсүн кагазга түшүрөт. То­пуракты торко электен өткөрүп, эки-үч күн чы­лап, ачытат. Аябай эзилген соң, аны калыпка куят. Суусу соругуп, нымдалып, топурак ийине келет. Анан кол м-н жууруп, ийлеп, көркөм ка­лыпка түшүрөт. Калып топурактын нымын со­руп, акырын көмкөрсө, өзүнөн-өзү аңтарылып түшөт. Кургатып, 800°ка чейинки ысык отко бы­шырат. Суугандан кийин аны боёп, кайра 1000– 1200°темп-рада ысытып жалтыратат. Мындан ар түрдүү вазалар, идиштер (челек, табак, көө­көр, аяк, кесе, чай чыны) дубалга илинүүчү кооз­дук буюмдар, кыз-келиндердин жасалгалары, бедиздер ж. б. жаралат. Учурда Ж. Ташиев, Э. Шаршеев, К. Кулуев, Э. Кылычбеков ж. б. карапачы-чеберлер мурдатан колдонулуп кел­ген көркөм К-ты андан ары өркүндөтүшүп, жаңы мазмундагы эмгектерди жаратышууда. Белгилүү К. чебери Ж. Ташиевдин «Саймалуу-Таш», «Таш табак», «Умай эне», «Тогуз-Коргоол» ж. б. эмгек­тери эл аралык (Япония, Улуу Британия, Гер­мания, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия, КМШ ж. б.), бүткүл союздук, респ. көргөзмөлөргө кою­луп, чет элдиктердин кызыгуусун туудурууда.


Ад.: Искусство керамики. Под ред. Н. С. Степанян. М., 1970; Августиник А. И., Керамика. 2-е изд. Л., 1975; Акматалиев А. С. Кыргыздын уз-усталары.


Б., 1997; Стекло и керамика XXI: Перспективы развития. СПб., 2001.