КАРАПАЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАПАЧЫЛЫК , к у м а р а ч ы л ы к – чопо­ну бышырып, түрдүү буюмдарды (идиш-аяк, оюн­чук, азембелек, чырак, кыш, черепица жана башкалар) жасап чыгаруу. Карапачылык от сыяктуу улуу ойлоп табуу­лар менен бир катарда турат жана адамзаттын жа­пайылыктан варварчылыкка өтүшүнүн жы­шааны болгон. Орто кылымда дүйнөдөгү отурук­ташкан элдин көпчүлүгү карапачылыкты өздөштүргөн. Алгач карапачылыктын жөнөкөй ыкмалары колдонулса, кийин төмөндө­гүдөй технологиялык ык­малар пайдала­нылган:

1) д а я р ­д о о иши. 2) ж а ­с о о иши. 3) б е­к е м д ө ө иши. Карапа үчүн кума­ра очогу жана ку­мара чарыгы кол­донулат. Кумара очогу – кумара буюмдарын бышыруучу меш. Ал байыркы Чы­гыш өлкөлөрүндө биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта пай­да болгон. Кумара чарыгы – идиш жана башка карапа буюмдарын формалоо үчүн айлануу инерциясын пайдаланып, буюмдун формасын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген жөнөкөй станок. К ө р к ө м к а р а п а­ ч ы л ы к т ы н өнүгүшүндө карапа жасоочу чопо жана анын аралашмасын, калыбын түшүрүү, бышыруу, ийлөө жана буюмдун бетин кооздоо ык­маларын табуу зор роль ойноду. Кытайдын чы­дамдуу чыны буюмдары Европа менен Азиянын көп өлкөлөрүндө көркөм карапачылыктын өнүгүшүнө кыйла таасир тийгизди. Анын негизинде Самарканд менен Бухарада чынылап капталган имараттар пайда болгон (X–XV кылымдар). Кыргызстанда көркөм карапачылык ки­йинчерээк өнүгө баштады. Карапачылык чеберлери жердик­ке Кара-Кеченин ак, Өзгөн, Ивановканын кы­зыл, Таластын сары жана Кажы-Сайдын көгүш топурактарын пайдаланат. Карапачы алгач жа­салуучу буюмдун үлгүсүн кагазга түшүрөт. То­пуракты торко электен өткөрүп, эки-үч күн чы­лап, ачытат. Аябай эзилген соң, аны калыпка куят. Суусу соругуп, нымдалып, топурак ийине келет. Анан кол менен жууруп, ийлеп, көркөм ка­лыпка түшүрөт. Калып топурактын нымын со­руп, акырын көмкөрсө, өзүнөн-өзү аңтарылып түшөт. Кургатып, 800°ка чейинки ысык отко бы­шырат. Суугандан кийин аны боёп, кайра 1000–1200°температурада ысытып жалтыратат. Мындан ар түрдүү вазалар, идиштер (челек, табак, көө­көр, аяк, кесе, чай чыны) дубалга илинүүчү кооз­дук буюмдар, кыз-келиндердин жасалгалары, бедиздер жана башкалар жаралат. Учурда Ж. Ташиев, Э. Шаршеев, К. Кулуев, Э. Кылычбеков жана башка карапачы-чеберлер мурдатан колдонулуп кел­ген көркөм карапачылыкты андан ары өркүндөтүшүп, жаңы мазмундагы эмгектерди жаратышууда. Белгилүү карапачылык чебери Ж. Ташиевдин «Саймалуу-Таш», «Таш табак», «Умай эне», «Тогуз-Коргоол» жана башка эмгек­тери эл аралык (Жапония, Улуу Британия, Гер­мания, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Жаңы Зеландия, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жана башкалар), бүткүл союздук, республикалык көргөзмөлөргө кою­луп, чет элдиктердин кызыгуусун туудурууда.



Ад.: Искусство керамики. Под ред. Н. С. Степанян. М., 1970; Августиник А. И., Керамика. 2-е изд. Л., 1975; Акматалиев А. С. Кыргыздын уз-усталары.

Б., 1997; Стекло и керамика XXI: Перспективы развития. СПб., 2001.