КАРА ӨПКӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА ӨПКӨ (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаңдаткычы – Mycoplasma mycoides var capri микроорганизми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан эчкиден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу ж-а тоюттандыруу начар болгондо ж-а жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт ж-а оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик ж. б. ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан малдын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашыруун) мезгили 5–20 күн. Ылаң курч ж-а өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жалпы абалы начарлайт, темп-расы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук куюлат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырындык м-н малдын темп-расы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили м-н гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, убагында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина м-н ылаң чыккан чарбада алдын алуу максатында эчки 7 күн аралык м-н эки жолу эмделет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет.
Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба
жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.