КАРАНТИН ОТОО ЧӨПТӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАНТИ́Н ОТОО ЧӨПТӨР – өтө зыяндуу отоо чөптөр. Алар өлкөнүн өзүндө болушу же башка өлкөдөн (үрөн, жем, чөп ж. б. аркылуу) тара­лышы мүмкүн. Бөтөн өлкөдөн таралган отоо чөптөр жаңы жерде көбүрөөк зыян келтирет.
А. ч. өсүмдүктөрүн коргоо үчүн К. о. ч-гө каршы жалпы күрөштөн тышкары атайын чаралар кол­донулат: К. о. ч. м-н булганган үрөн себилбейт; ал тазалоо пунктуна жеткирилип, өзүнчө сак­талат; булганч дан пайдалануу алдында таза­ланат. КМШ өлкөлөрүндө карантин чектелүүчү айрым отоо чөптөр: көп жылдык амброзия (Ambrosia psitostachya D. С.), сойломо кекире, каролин ит жүзүмү, тикендүү ит жүзүм, чыр­мооктор ж. б.