КАРА МЕТАЛЛУРГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА МЕТАЛЛУРГИ́Я – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн м-н болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш ма­териалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника м-н жабдууда зор роль ойнойт. Мында К. м-нын негизги сырьёсу болуп, темир кенташтары м-н кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө ж-а эришин тездетүүдө марганец кенташы кол­донулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кенташтары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, АКШ, Герма­ния, Англия, Францияда көп кездешет.


Ад.: Чёрная металлургия СССР. М., 1967; Казанец И. П. Чёрная металлургия на рубеже новой пятилетки. М., 1971.