КАРА КУРТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА КУРТ (Latrodectus tredecimguttatus) – уулуу жөргөмүш. Жетилген ургаачысы кара түстө. Уз. 10–20 мм. Эркегинин (уз. 4–7 мм ) ж-а жетиле элек ургаачысынын курсагында кызыл тактары бар. Күндүз да, түнкүсүн да жакшы көрөт. К. к. Түш. Европа, Батыш Азия, Түн. Африкада, Борб. Азиянын чөлдөрү м-н тоо этектеринде таралган. Чымын-чиркей м-н азыктанат. Жерге уя салып, тегерете тор м-н чырмайт. Уруктандыргандан кийин эркеги өлөт. Ургаачысы күзүндө жумуртка туугандан кийин өлөт. Жумурткасы (1200–2000дей) желе пиллада кыштап, жазында андан жаш жөргөмүш чыгат. 6 жолу түлөп, жайында жетилет. Уулуу бездери баш-көкүрөгүндө жайгашкан. Кишини ургаачы-
сы чакса, өтө коркунучтуу, чаккан жер катуу ооруйт, кара терге түшүп, эти көгөрөт, тырышат, деми кыстыгат, көбүрөөк ууланса, өлүмгө дуушар кылат.