КАРА-КУЖУР МАРМАР КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ</b> Нарын | <b type='title'>КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ</b> Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 <i>км</i> чы­гышта, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973–1975-жылдары геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагын­да протерозойдун ортосунда пайда болгон мар­марлашкан жана доломиттешкен акиташ теги­нин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– | ||
Кочкор | 3000 <i>м</i>. Мында кооз таш катары мармардын 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мармвр. Блоктуулугу 0,3–0,5 <i>м</i><sup>3</sup>; | ||
Кара-Кужур суусунун башталышында. | 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орточо бүртүк­чөлүү мармар. Блоктуулугу 0,2–0,4 <i>м</i><sup>3</sup>; 3) ак мармар, арасында боз жана каралжын боз, жол­-жол, ичке темгилдүү, майда жана орточо бүртүкчө­лүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 <i>м</i>. Мармар­дын 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрү­нөт. Кору 40 млн <i>м</i><sup>3</sup>. Имараттардын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт. | ||
жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– | |||
3000 <i>м</i>. Мында кооз таш катары | |||
доломиттешкен | |||
2) боз, агыш, кооз темгилдери бар | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
04:27, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 км чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973–1975-жылдары геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында протерозойдун ортосунда пайда болгон мармарлашкан жана доломиттешкен акиташ тегинин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– 3000 м. Мында кооз таш катары мармардын 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мармвр. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3; 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орточо бүртүкчөлүү мармар. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3; 3) ак мармар, арасында боз жана каралжын боз, жол-жол, ичке темгилдүү, майда жана орточо бүртүкчөлүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 м. Мармардын 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрүнөт. Кору 40 млн м3. Имараттардын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт.