КАРА-КОЮН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КОЮН ӨРӨӨНҮ – Ички Теңир-Тоодогу
Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгү. Ат-Башы р-нунун аймагында. Түндүгү Кум-Бел ж-а Ойнок-Жар адырлары, чыгышы Ат-Башы кырка тоосу м-н чектешет. Батышы Арпанын Ала-Тоосунун айрыгындагы Беш-Талаа түздүгүнө өтөт.
Чыгышта Чеч-Дөбөдө Ат-Башы суусунун өрөөнүнө кошулат. Уз. 65–70 км, туурасы чыгышта 10–12 км, батышта 4–5 км, бийик жери 2800– 3000 м (батыш жагы), жапыз жери 2100–2200 м
(чыгышы). Аллювий-пролювий шилендилеринен түзүлгөн түздүк. Өрөөн аркылуу Кара-Коюн
суусу түштүктөн түн.-чыгышка карай агат; 5–7
тектири бар. Климаты кургак, континенттик. Июлдун орт. темп-расы 10–15°С, айрым жылдары 22–33°С, январдыкы –7°Сден –12°Сге, кээде –20°Сден –30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Топурагы бозомук ж-а күрөң,
тоо бетинде каралжын. Ландшафты чыгышында саздуу түздүк, түндүгү жантайма шлейфтүү кургак талаа, батышы субальпка жакын тулаңдуу түздүк, түштүгү тектирлүү талаа. Өсүмдүктөрдөн доңуз сырты, бетеге, шыбак, тарак баш, шыраалжын, кара кыяк ж. б. басымдуу. Өрөөн
аркылуу Бишкек–Торугарт автомобиль жолу
өтөт. Казыбек, Кара-Суу, Кара-Булуң, Дыйкан, Кызыл-Туу кыш. жайгашкан.