КАРА-КОЮН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОЮН ӨРӨӨНҮ – Ички Теңир-Тоодогу Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгү. Ат-Башы районунун аймагында. Түндүгү Кум-Бел ж-а Ой­нок-Жар адырлары, чыгышы Ат-Башы кырка тоосу м-н чектешет. Батышы Арпанын Ала-Тоо­сунун айрыгындагы Беш-Талаа түздүгүнө өтөт. Чыгышта Чеч-Дөбөдө Ат-Башы суусунун өрөө­нүнө кошулат. Узундугу 65–70 км, туурасы чыгышта 10–12 км, батышта 4–5 км, бийик жери 2800– 3000 м (батыш жагы), жапыз жери 2100–2200 м (чыгышы). Аллювий-пролювий шилендилери­нен түзүлгөн түздүк. Өрөөн аркылуу Кара-Коюн суусу түштүктөн түндүк-чыгышка карай агат; 5–7 тектири бар. Климаты кургак, континенттик. Июлдун орточо температурасы 10–15°С, айрым жыл­дары 22–33°С, январдыкы –7°Сден –12°Сге, кээ­де –20°Сден –30°Сге чейин. Жылдык жаан ча­чыны 300–350 мм. Топурагы бозомук ж-а күрөң, тоо бетинде каралжын. Ландшафты чыгышын­да саздуу түздүк, түндүгү жантайма шлейфтүү кургак талаа, батышы субальпка жакын тулаң­дуу түздүк, түштүгү тектирлүү талаа. Өсүмдүк­төрдөн доңуз сырты, бетеге, шыбак, тарак баш, шыраалжын, кара кыяк ж. б. басымдуу. Өрөөн аркылуу Бишкек–Торугарт автомобиль жолу өтөт. Казыбек, Кара-Суу, Кара-Булуң, Дыйкан, Кызыл-Туу кыштактары жайгашкан.