КАРА-КОЧКОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КОЧКОР – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Кара-Кочкор айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1290 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 8 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 80 км. Калкы 3576 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.