КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Ысык-Көл
өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ак- Суу р-нунун аймагында. 1997-ж. Каракол капчыгайынын ажайып табиятын коргоо максатында уюшулган. Аянты 38256 га. Негизги максаты: Түн.-Чыгыш Кырг-нга мүнөздүү болгон өсүмдүктөр м-н жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, табигый сакталышына ж-а калыбына келишине, о. эле ал жерде калктын ж-а чет элдик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү.
Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, а. и. 80 дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки ж. б., мындан сырткары Кырг-ндын Кызыл китебине кирген илбирс, кумай, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты туристтерди ж-а эс алуучуларды өзүнө тартат.