КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ы. Туманов атн. 1976-ж. ачылган. Окуу жайы­нан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада б-ча адистикке ээ болушат. 1994-ж. Ы. Тумановдун ысмы бе­рилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыр­гыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшена­лиева атн. КМИИден окуусун улантат. Окуу жа­йы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), а. и. КРдин эл арт. Т. Жакшы­лыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эр­дик, Т. Керимбеков ж. б. бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклор­дук ж. б. ансамблдер уюшулган.