КАРАКОЛ (Ак-Суу районунун аймагы аркылуу аккан суу): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ – Ак-Суу р-нунун аймагы аркылуу аккан суу. Тескей Ала-Тоонун түн. капталынан башталып, Ысык-Көлгө куят. Уз. 50 км, алабынын аянты 394 км2. Башталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, аягында кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куймасы – Кашка-Суу. Мындан тышкары алабында жалпы уз. 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 0,99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу Ала-Көл (аянты 0,84 км2). Көп жылдык орт. чыгымы 6,60 м3/сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль–августта кирет, сентябрдын

аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылып, айыл-кыштактарды суу м-н камсыз кылат. Боюнан Каракол ш., Челпек, Бөрү-Баш, Бурма-Суу ж. б. кыш. орун алган.