КАРА КОЙЛУУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА КОЙЛУУЛАР (түркчө – кара-коюнлу; туусундагы кара кой сүрөтүнөн аталган) – 14– 15-к-да Ван көлүнүн түш. аймагын мекендеген огуз-түрк урууларынын бирикмеси ж-а ошол бирикме түзгөн мамлекеттин аталышы. К. к. уруулары адегенде Осмондор м-н Жалайирлер­ди колдоп, жардам берген. Тимур өлгөндөн (1405) кийин, К. к. Тимур тукумдарына, алар­дын союздашы Ак койлууларга ж-а Жалайир­лерге каршы согушуп, Жалайирлерди ойрондот­кон. Азербайжан, Ирак, Арменияны каратып, 1410-ж. К. к. мамлекетин негиздеген. Бирок К. к. 1435-ж. Тимур тукумдарынан ж-а ширван­шахтар аскеринен жеңилип, Тимур тукумдары­на күңкор болгон. Тимур тукумдарынын султа­ны Шахрух өлгөн (1447) соң, К. к. өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, 1453–57-ж. Батыш Иранды басып алган. 1467-ж. Ак койлуулар К. к. мамлекетин талкалап, 1468-ж. каратып алышкан.