КАРА-КАМАН ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КАМАН ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Жылуу-Суу (чыгышында) ж-а Кара-Кужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Кара-Каман суусу аны экиге бөлөт. Уз. 56 км, туурасы 14 км, орт. бийикт. 3900 м, эң бийик жери 4343 м. Чардак-Суу ж-а Кара- Каман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт. 1000 м. К.-К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде көтөрүлгөн. Батыш Кара-Камандын капталдары асимметриялуу: түн. капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Кара-Каман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын. Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түн. капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийикт. 4000 мден өтөт. Негизинен протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит; соңку рифейдин гранит-диорит ж-а гранит тектеринен түзүлгөн. 3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500– 3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.