КАРАКАЛПАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКАЛПАКТАР – Өзбекстандын түн.-баты­шындагы түрк тилдүү эл; Каракалпакстандын жерг. калкы. Өзбекстанда (500 миңден ашык 2008), о. эле Россия (1,6 миң), Түркмөнстан, Ка­закстан, Кырг-н ж-а Афганстанда (2,3 миң) да жашайт. Каракалпак тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери мусулман-сунниттер. К-дын түпкү тегине Арал деңизинин түш. жээгинде жаша­ган сак-массагет уруулары (б. з. ч. 7–2-к.), хунн­дар, түрк уруулары (6–8-к.) аралашкан. К. огуз ж-а печенег элдеринин ичинде (8–10-к.) калып­танган. К-дын этногенезине ногойлор да тааси­рин тийгизген (14–15-к.). 1873-жылдан Россия­нын курамында. К-тар мал чарбачылык, дый­канчылык м-н кесиптенишип, дубалы топурак­тан согулган үйлөрдө ж-а боз үйдө жашаган. Салттуу кийимдери улуу муундарда сакталып


калган. Эркектери көйнөгүн шымдын сыртына чыгарып, шымынын багалегин өтүктүн ичине салып, үстүнө чепкен, кышында тон ж-а көрпө­дөн тигилген баш кийим кийип, белине жоо­лук же белбоо байланган. Аялдары (жаштар ачык, улгайгандар ак же боз, жесир аялдар көк түстүү) узун көйнөк, ыштан, кемсел кийип, ба­шына топунун үстүнө баш ороо оронгон. Кыз­келиндери, зайыптары бетин жапкан эмес. Баш кийимдин үстүнөн жегде жамынып, кооздуктар­ды тагынган. Тамак-ашы – негизинен дан, сүт (айран, каймак, курут), балык азыктары ж-а жашылча, жер-жемиштер.