КАРАЙЫМДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАЙЫМДАР (өздөрүн карайлар деп аташат) – Украина (Крымда 1200), Россия (Москва ж-а Санкт-Петербургда 366), Литва (300), Польша (45), Израилде (20 миң) жашаган аз сандагы эл (2002). Карайым тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – карайым дининде. К. – Хазар кагандыгына кирген түрк урууларынын укумтукумдары. 10-к-да Хазар хандыгын Киев княздыгы талкалаган соң, К. Крым аймагында калышкан. 14-к-да Крым хандыгынын борбору – Солхатта, о. эле Чуфут-Кала ш-нда К. жамааттары болгон. 14-к-дын аягында К. Улуу Литва княздыгынын туткундары катары Литвага, Украинанын бат ыш аймактарына көчүрүлгөн. Крым (1783) ж-а Вильнанын (1795) Россия империясынын курамына кириши м-н К-дын абалы өзгөргөн. 1795-ж. Екатерина II Россияда жашаган К-ды салыктан бошотуп, жер менчиктерин алууга уруксат берген. К. дыйканчылык м-н кесиптенишип, туз кендерин пайдаланышкан.