КАРА ЖЫГАЧТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ЖЫГАЧТАР (Ulmaceae) – эки үлүштүү өсүмдүк тукуму; жалбырак күбүмө же дайыма жашыл дарактар. Гүлү майда, көрксүз, боочо­дой, топ гүлү башча же чачыдай, кээде жалбы­рак колтугунда 1–3 гана гүлү болот. Шамал ар­кылуу чаңдашат. Мөмөсү – канатчалуу жаңгак­ча же сөөкчө. Тропик ж-а мелүүн алкактарда 15 урууга кирген 150 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 3 урууга бириккен 13, Кырг-нда кара жыгач ж-а каркас уруусундагы 7 түрү өсөт. К. жашылдан­дырууда ж-а токой өстүрүүчүлүктө эң маанилүү. Жыгачы курулушта, машина курууда ж-а эме­рек <contr>өнөр жай<contr>ында керектелет.