КАРА-ЖЫГАЧ (Аламүдүн районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ЖЫГАЧ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нун­дагы кыштак. Кара-Жыгач айыл округуна ка­раштуу. Кыштакка 1958-ж. Бек-Тоо кыш. ко-


шулган. Деңиз деңг. 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 17 км түш. тарапта. Аламүдүн т. ж. бекетинен 25 км. Кыштакты аралап Түш. Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 2820 (2007); негизинен багбанчылыкта ж-а жүзүмчүлүктө эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, мад-т үйү ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го, В. И. Ленинге эстелик тургузулган. Кыш­тактын чет-жакасында Кара-Жыгач шаар чал­дыбары бар, балдардын эс алуу лагерлери жай­гашкан.