КАРА ЖАМГЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ЖАМГЫР , к а р а ж а а н – төкмө жаан; түнөрүп, асманды чүмкөгөн калың булуттан ка­туу жаайт. К. ж. көпкө созулса, кээде селге ай­ланып, жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, аңыздар­га кум, таш шилеп келип, чарбага зыян кел­тириши мүмкүн. Ак жаандан айырмасы – К. ж-дын суусу тез агып, кыртышка көп сиңбе­гендиктен, эгинди, өсүмдүктөрдү ным м-н же­тишерлик камсыз кыла албайт. О. эле к. Нөшөр.