КАРА ЖАМГЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ЖАМГЫР , к а р а ж а а н – төкмө жаан; түнөрүп, асманды чүмкөгөн калың булуттан ка­туу жаайт. Кара жамгыр көпкө созулса, кээде селге ай­ланып, жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, аңыздар­га кум, таш шилеп келип, чарбага зыян кел­тириши мүмкүн. Ак жаандан айырмасы – кара жамгырдын суусу тез агып, кыртышка көп сиңбе­гендиктен, эгинди, өсүмдүктөрдү ным м-н же­тишерлик камсыз кыла албайт. Ошондой эле к. Нөшөр.