КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – б. з. ч. 4– 1-к-га таандык археол. эстелик. Өзгөн ш-нан 15 км түш.-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар ж-а Кара-Кулжа сууларынын ко­шулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Те­герете аң м-н курчалып, чарчы үлгүдө, аянты 10 гадай. Дубалдын уз. 320–330 м; кароол муна­ралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийикт. 10 м. Археол. изилдөөлөрдө Шоро-Башат мад-тына мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-к.) оймо-чиймелер м-н кооз­долгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чо­подон жасалган ийиктин баштары, темир ша­кекчелер табылган. 1958–59-ж. археологдор Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.