КАРА-ДАРЫЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ДАРЫЯ – Кырг-н ж-а Өзбекстан аймак­тары аркылуу аккан дарыя. Фергана ойдуңу­нун чыгыш жагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталган Кара-Кул­жа, Алайкуу кырка тоосунан башталган Тар суу­лары кошулгандан кийин К.-Д. деп аталат. Нарын д. м-н кошулуп, Сыр-Дарыяны түзөт. Уз. 180 км, алабынын аянты 33 100 км2. Жогорку агымы кууш, орто ж-а төмөнкү бөлүктөрү ке­ңири өрөөндөр аркылуу агат. Ири куймалары: Жазы, Көгарт, Кара-Үңкүр, Майлы-Суу (оң), Куршаб, Араван-Сай (сол) ж. б. 200дөн ашык куймасы бар. Алабында 40ка жакын көл жа­тат, алардын эң ирилери: Чоң Кулун, Кичи Ку­лун, Чоң Көл, Кичи Көл, Кабылан-Көл, Кара- Көл, Кутман-Көл ж. б. Жылдык орт. чыгымы Кемпир-Абад кыш. тушта (чатынан 140 км жо­гору) 121 м3/сек. Эң көбү 676 м3/сек, эң азы 28,9 м3/сек (февраль). Кар ж-а жер астындагы суулардан куралат. Сугатка кеңири пайдаланы­лат. К.-Д-да Куйган-Жар тосмосу, Анжиян суу сактагычы курулган, дарыя ж-а анын куйма­ларынан ондогон сугат каналы (Чоң Фергана, Кочкор-Ата, Отуз-Адыр, Увал, Алтыбай, Най­ман ж. б.) чыгарылган. Жээгинен Өзгөн ш., көп­төгөн кыштактар орун алган.