КАРА-ДАРЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДАРЫЯ – Кыргызстан ж-а Өзбекстан аймак­тары аркылуу аккан дарыя. Фергана ойдуңу­нун чыгыш жагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталган Кара-Кул­жа, Алайкуу кырка тоосунан башталган Тар суу­лары кошулгандан кийин Кара-Дарыя деп аталат. Нарын дарыясы м-н кошулуп, Сыр-Дарыяны түзөт. Узундугу 180 км, алабынын аянты 33 100 км2. Жогорку агымы кууш, орто ж-а төмөнкү бөлүктөрү ке­ңири өрөөндөр аркылуу агат. Ири куймалары: Жазы, Көгарт, Кара-Үңкүр, Майлы-Суу (оң), Куршаб, Араван-Сай (сол) ж. б. 200дөн ашык куймасы бар. Алабында 40ка жакын көл жа­тат, алардын эң ирилери: Чоң Кулун, Кичи Ку­лун, Чоң Көл, Кичи Көл, Кабылан-Көл, Кара- Көл, Кутман-Көл ж. б. Жылдык орточо чыгымы Кемпир-Абад кыштагы тушта (чатынан 140 км жо­гору) 121 м3/сек. Эң көбү 676 м3/сек, эң азы 28,9 м3/сек (февраль). Кар ж-а жер астындагы суулардан куралат. Сугатка кеңири пайдаланы­лат. Кара-Дарыяда Куйган-Жар тосмосу, Анжиян суу сактагычы курулган, дарыя ж-а анын куйма­ларынан ондогон сугат каналы (Чоң Фергана, Кочкор-Ата, Отуз-Адыр, Увал, Алтыбай, Най­ман ж. б.) чыгарылган. Жээгинен Өзгөн шаары, көп­төгөн кыштактар орун алган.