КАРАГАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАГАЙ (Рiсеа) – мырза карагай тукумундагы өсүмдүктөр уруусу. Баалуу токой түзүүчү дайыма жашыл, кооз дарак. Сөңгөгү тик, конус сымал, шагы калың, тамыры жерге терең кетпейт. Ийне сымал жалбырагы 4 кырлуу, кээде

жалпак, 7–9 ж-га чейин түшпөйт. Аталык тобурчагы жалгыздан, кызыл же сары, чаңчасы 2ден аба баштыкчалуу. Энелик тобурчагы катуу, уругу канатчалуу. Көлөкөгө, суукка чыдамдуу. Коңур күздөгү, эрте жаздагы суук, кургакчылыктан, түтүн ж-а ыштан жабыркайт. К. 300, 500 жыл өсөт. Европа, Азия ж-а Түн. Америкада 40ка жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 9 түрү кездешет. Кырг-ндын деңиз деңг. 2000– 2750 м бийиктиктеги тоолорунда 3 түрү (Тянь- Шань К-ы, Роберт К-ы ж-а Шренк К-ы) өсөт. Жыгачы ак, жеңил ж-а жумшак. Андан чайыр, канифоль, скипидар, жыгач уксусу, спирт, өңдөгүч заттар алынат. Алар башка өсүмдүктөр м-н бирге абадан көмүр кычкыл газын сиңирип, орг. заттарды пайда кылып, абадагы кычкылтекти көбөйтөт. Тамыры кыртышты эрозиядан ж-а андагы нымдуулукту сактайт. К. өзгөчө заттарды (фитонциддерди) бөлүп чыгарат. Курулушта, целлюлоза-кагаз өндүрүүдө, муз. аспаптарды жасоодо пайдаланылат. Токой тилкелерине, парк м-н жол боюна кооз өсүмдүк катары отургузулат.