КАРАВШИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАВШИН , К е р а в ш и н (согд, ягноб тилде­ринде гар – тоо; аб/ав – суу; шин – молдуулук­ту билдирген мүчө; тоо суусу маанисинде) – Бат­кен р-нундагы суу, Исфара суусунун сол куйма­сы. Уз. 46 км, алабынын аянты 895 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3600 м. Түркстан кырка тоосу­нун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, то­койлуу капчыгай аркылуу агат. Киндик суусу (оң куймасы) кошулгандан кийин өрөөнү жа­йылып, жай агат. Ири куймалары: Киндик (оң), Орточашма (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а бу­лак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгы­мы 5–7 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы фев­раль–мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.