КАРАВЕЛЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАВЕ́ЛЛА (итал. caravella) – бир палубалуу, бийик борттуу, маңдайкы ж-а арткы бөлүгүндө курулмалары бар парустуу деңиз кемеси. 13–17- к-да Жер ортолук деңизиндеги өлкөлөрдө (Италия, Испания ж-а Португалия) соода жүргүзүү

үчүн кеңири колдонулган. К. 3–4 мачталуу ж-а эки алдыңкы мачталары түз парустуу, ал эми арткы (бизань) мачтасы латын парусунан турат. Латын парусунун түз парустан айырмасы – мачтага тик эмес, кеменин огуна жарыш жайгашкан. Мындай кеме м-н 1442-ж. Христофор
Колумб Атлантика океаны аркылуу сүзүп өткөн, 1498-ж. Васко да Гамма Европадан Индияга саякат жасаган. Ал эми Фердинандо Магеллан 1922-ж. Жерди айланып чыккан.