КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ Талас Ала-Тоосунун түн. капталында, Кара-Буура р-нунун аймагында, Кара-Сай ойдуңу жайгашкан бийик тоо өрөөнү. Уз. 60 км, эң жазы жери 2–3 км, кууш жери 0,5–1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийикте жайгашкан. Таманы Шилбили суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турган бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа ж-а талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган автомобиль жолу өтөт.