КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, Кара-Буура районунун аймагын­да, Кара-Сай ойдуңу жайгашкан бийик тоо өрөө­нү. Узундугу 60 км, эң жазы жери 2–3 км, кууш жери 0,5–1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийикте жайгашкан. Таманы Шилбили суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит-дио­рит интрузия тектеринен турган бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа ж-а талаа, сей­рек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшаф­ты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас ж-а Чат­кал өрөөндөрүн байланыштырган автомобиль жолу өтөт.