ИСАКЕЕВ Баялы: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИСАКЕЕВ 1 to ИСАКЕЕВ Баялы) |
(Айырма жок)
| |
09:56, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич (октябрь, 1897, Нарын облусу, Кочкор району, Үкөк айылы – 8. 11. 1937, Фрунзе) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер; Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын авторлору-

нун ж-а улуттук мамлекетти негиздөөчүлөрдүн, «Манас» эпосун орус тилине которуунун алгачкы демилгечилеринин бири. Нарын шаарындагы орус-жергиликтүү мектеп-интернатын (1916), Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–20-жылдарда Кум-Бел-Арал ж-а Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–21-жылдарда Үчүке (Кочкор) болуштугунун аткаруу комитетинин, 1921–23-жылдарда Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–25-жылдарда Түркстан АССР КП(б) Лепси ж-а Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 27-жылдарда Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы, 1927–28-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 29-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–30-жылдарда Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–33-жылдарда ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн башчысы, 1933–37-жылдарда Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 37), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка ж-а анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин ж-а СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-жылдарда улутчул-контрреволюциячыл топтун катышуучусу деген жалаа м-н камалган ж-а атуу жазасына тартылып, 1957-жылы акталган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө ж-а Кочкор районунун бир айылына ыйгарылган.
А. Түркмөнов.