ИСТЕМИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСТЕМИ</b> (510 – болжол менен 576- | <b type='title'>ИСТЕМИ</b> (510 – болжол менен 576-жыл) – Түрк ка­гандыгынын башкаруучусу, [[каган]] (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга­ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника­ларында Шедеми, «он уруунун каганы», [[Батыш түрк кагандыгы]]нын династиясына тиешелүү эң жогорку титул [[жабгу]] (ябгу) каган деп да атал­ган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде [[Борбордук Азия]]нын [[Жети-Суу]], [[Сыр-Дарыя]], [[Арал деңизи]]не чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-административдик системага («[[он ок будун]]» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары [[авар]] урууларына кошулуп, [[Европа]]нын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-административдик түзүлүштүн формасы катары тү­шүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзү­лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба­шында чоро турган жана алар [[Суйаб]] шаарынын чы­гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу [[Нушиби|ну­шиби]]» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль ([[Волга]]) менен Жайыктын (Урал) айлана­сындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк [[Кавказ]]ды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми [[Эфталиттер|эф­талиттер]]ге каршы күрөшүү үчүн перс шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер­ген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталит­терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин [[Византия]]га жибекти өт­көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен ке­лишим түзүүгө согдалык көпөс [[Маниах]]ты элчи­ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү­дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи­бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа­да, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке [[Земарх]] келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык­кан. 570-жылы иран шахынын [[Йемен]]ди басып алы­шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү [[Жибек жолу]] да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-жылы Картлинин падышасы Г. Баг­радиттин жардамы менен [[Босфор]]ду жана [[Крым]]ды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви­зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр [[Кытай]]дан Жер Ортолук деңизи тарапта­гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко­жоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү [[кыргыздар]]дын көзөмөлүндө калган. Евра­зияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми бо­луп эсептелинет. | ||
Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; <i>Гумилёв Л. Н.</i> Древние тюрки. М., 1967. | Ад.: <i>Бичурин Н. Я.</i> Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; <i>Гумилёв Л. Н.</i> Древние тюрки. М., 1967. | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:23, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСТЕМИ (510 – болжол менен 576-жыл) – Түрк кагандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууганы. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроникаларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да аталган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде Борбордук Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-административдик системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-административдик түзүлүштүн формасы катары түшүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзүлөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын башында чоро турган жана алар Суйаб шаарынын чыгышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу нушиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) менен Жайыктын (Урал) айланасындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк Кавказды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми эфталиттерге каршы күрөшүү үчүн перс шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын берген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталиттерге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өткөрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен келишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчиликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүүдөн баш тартып, соодагерлер алып келген жибекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжада, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чыккан. 570-жылы иран шахынын Йеменди басып алышына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-жылы Картлинин падышасы Г. Баградиттин жардамы менен Босфорду жана Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Византияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңизи тараптагы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна кожоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евразияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми болуп эсептелинет.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967.
Т. Асанов.