ИСТЕМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТЕМИ (510 – болжол менен 576-жыл) – Түрк ка­гандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууга­ны. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроника­ларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да атал­ган. Анын кол башчылыгы менен түрк уруулары адегенде Борбордук Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-кылымдын орто ченинде түрк тилдүү уруулар менен жергиликтүү көчмөндөр бир согуштук-административдик системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-административдик түзүлүштүн формасы катары тү­шүндүрүлгөн. Истеминин буйругу менен ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган жана өзү­лөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш жана батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын ба­шында чоро турган жана алар Суйаб шаарынын чы­гышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу ну­шиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб шаары борбор болгон. Истеми башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) менен Жайыктын (Урал) айлана­сындагы аймакты, 567–70-ж. Түндүк Кавказды өзүнө караткан. 6-кылымдын 2-жарымында Истеми эф­талиттерге каршы күрөшүү үчүн перс шахы Хосров Ануширван менен аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын бер­ген. Алардын жардамы менен 563-ж. Истеми эфталит­терге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өт­көрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров менен ке­лишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчи­ликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүү­дөн баш тартып, соодагерлер алып келген жи­бекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжа­да, Истеми Византия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. Истеми анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чык­кан. 570-жылы иран шахынын Йеменди басып алы­шына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр менен Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-жылы Картлинин падышасы Г. Баг­радиттин жардамы менен Босфорду жана Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Ви­зантияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңизи тарапта­гы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна ко­жоюн болуп, анын ичинде Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евра­зияда биринчи кеңири империяны түзгөн Истеми бо­луп эсептелинет.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967.

Т. Асанов.