КАЛМАТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:10, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАЛМАТОВ Абдисапа (30. 5. 1970-жылы туулган, азыр­кы Баткен облусу, Баткен шаары) – айкелчи, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лау­реаты (2002). Кыргыз мамлекеттик сүрөт көркөм искусст­во коллежин (1996), Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын бүткөндөн (1997) ушул академияда окутуучу. Бишкектеги Ч. Айт­матов атындагы паркта жайгашкан ачык асман ал­дындагы эл аралык музейдеги «Ойлонуу» аттуу эмгеги республикалык мамлекеттик сыйлыкка татыган. Анын «Хан-Чоро», «Асман», «Кожомкул», «Аткыч», «Кү­рөш» жана башка эмгектери белгилүү. Эл аралык көр­гөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды ээле­ген.