КАРА БУУДАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА БУУДАЙ (Secale) – дан өсүмдүктөр туку­мундагы бир ж-а көп жылдык чөп. К. б-дын 13 (жапайы ж-а эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи ж-а Борб. Азия, Иран, Афганстан, Закавказье ж-а Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү ка­тары Кавказ, Кичи ж-а Борб. Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түн. Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. К. б-дын мекени – Кавказ, Кичи ж-а Борб. Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), о. эле Балтика боюн­дагы респ-каларда, Казакстан, Грузияда эгилет. К. б-дын күздүк ж-а жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурак­тын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрым­дарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийикт. 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны ка­быксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк К. б-дын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2°С жылуулукта өнүп, 4–5°Сде өсүп чыгат. К. б. суукка ж-а кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топурак­ты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жер­де мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР вита­миндери ж-а А провитамини бар. Уну нанга, акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланы­лат, о. эле спирт ж-а крахмал өндүрүшүнө жум­шалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү ке­лет. К. б. көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза ж. б. жасоого жум­шалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. К. б. м-н буудайды аргын­даштырып, сапаттуу тритикале гибриди алын­ган. Кырг-нда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош обл-нда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буу­дай-К. б. гибриди – Немига нүндө тоют катары айдалат.


Ад.: Тиунов А. Н. и др. Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986.

1 2