КАРА-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн
түш.-чыгышында. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Батышындагы Кара-Булуң тумшугунан чыгышындагы Чоң Оргочор тоосуна чейин 12 кмден
ашык аралыкка созулат. Туурасы 1,5–9 км. Абс.
бийикт. 1606–1750 м. Төмөнкү төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон тектирлерден турган тайпак түздүк; бети чыбыр, күдүрлүү (кумдуу жалдар, дөбө, чуңкур жерлер ж. б.). Эң бийик жери Кичи Оргочор тоосу (1751 м), андан түштүктү, түш.-батышт ы к өздөй эңк ейишт еп кетет. Төртүнчүлүк мезгилде пайда болуу мезгили б-ча көлдүк-тектирлүү түздүк үч геоморфол. деңгээлге бөлүнөт. Эң бийик жери (биринчи деңгээл) –
үстүнкү плейстоцендик тектир; жарым аралдын борб. ж-а чыгыш жагын ээлейт. Бети өтө будурлуу. Көбү айдоо. Экинчи деңгээл – голоцендик тектир, плейстоцендик тектирден 5–10 м
төмөн жатат; экөөнүн чеги – жарлуу кашат.
Көбүнчө байыркы жээктик жал, сайроон, кум шилендилеринен турат. Ортолору тегиз, такыр; негизги өсүмдүктөрү чекенди, шыбак ж. б. Тектирдин көлгө жакын жерлерин чычырканак,
камыш баскан. Үчүнчү өтө жапыз деңгээл – азыркы тектир, ж. а-дын жээгинен орун алган; жалаң кумдан турат, бети будур: 1–2 м бийиктеги жалча, сайроондор ар кандай ичке, майда булуңбуйткалар (лагуналар), сайроондор (бийикт. 8–
10 м) м-н тосулган эски (реликт) көлдөр да бар. Тектирлер ачык коңур, түн.-батыш жээктери шалбаа ж-а шалбаалуу саз, айрым жерлери шор топурактуу. Талаа ж-а сейрек бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Жарым аралдын жээктери аккумуляциялык кумдан турат, Кара-Булуң тумшугу лагуналуу, мында кумдук такталар да бар. Кумдуу пляждар кеңири аянтты ээлейт. Жээктеринде
чычырканак, булуң-буйткаларда камыш өсөт.
Көп жерине кара жыгач, жийде, өрүк отургузулган. Экол. абалы начарлоодо.