КАРА-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ
КАРА-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышында. Жети-Өгүз районунун аймагында. Батышындагы Кара-Булуң тумшугунан чыгышындагы Чоң Оргочор тоосуна чейин 12 кмден ашык аралыкка созулат. Туурасы 1,5–9 км. Абсолюттук бийиктиги 1606–1750 м. Төмөнкү төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон тектирлерден турган тайпак түздүк; бети чыбыр, күдүрлүү (кумдуу жалдар, дөбө, чуңкур жерлер ж. б.). Эң бийик жери Кичи Оргочор тоосу (1751 м), андан түштүктү, түштүк-батышты көздөй эңкейиштеп кетет. Төртүнчүлүк мезгилде пайда болуу мезгили боюнча көлдүк-тектирлүү түздүк үч геоморфологиялык деңгээлге бөлүнөт. Эң бийик жери (биринчи деңгээл) – үстүнкү плейстоцендик тектир; жарым аралдын борбордук ж-а чыгыш жагын ээлейт. Бети өтө будурлуу. Көбү айдоо. Экинчи деңгээл – голоцендик тектир, плейстоцендик тектирден 5–10 м төмөн жатат; экөөнүн чеги – жарлуу кашат.
Көбүнчө байыркы жээктик жал, сайроон, кум шилендилеринен турат. Ортолору тегиз, такыр; негизги өсүмдүктөрү чекенди, шыбак ж. б. Тектирдин көлгө жакын жерлерин чычырканак, камыш баскан. Үчүнчү өтө жапыз деңгээл – азыркы тектир, жарым аралдын жээгинен орун алган; жалаң кумдан турат, бети будур: 1–2 м бийиктеги жалча, сайроондор ар кандай ичке, майда булуң-буйткалар (лагуналар), сайроондор (бийиктиги 8–
10 м) м-н тосулган эски (реликт) көлдөр да бар. Тектирлер ачык коңур, түндүк-батыш жээктери шалбаа ж-а шалбаалуу саз, айрым жерлери шор топурактуу. Талаа ж-а сейрек бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Жарым аралдын жээктери аккумуляциялык кумдан турат, Кара-Булуң тумшугу лагуналуу, мында кумдук такталар да бар. Кумдуу пляждар кеңири аянтты ээлейт. Жээктеринде чычырканак, булуң-буйткаларда камыш өсөт.
Көп жерине кара жыгач, жийде, өрүк отургузулган. Экологиялык абалы начарлоодо.