КАРА-АЛМА МАРГАНЕЦ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-АЛМА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 50 км түн.-чыгышта. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш этегиндеги Кара-Алма суусунун алабында жайгашкан. 1937-ж. табылып, 1942-ж. чалгындалган. Кен чөкмө түрдө пайда болуп, бор мезгилинин кумдук катмарында топтолгон. Ал негизинен кварц-марганецтүү кумдук, чанда кумдуктуу марганец конкрецияларынын кабатчалары м-н линзаларынан турат. Марганецтин кенташтагы орт. өлчөмү 6,0%. Негизги минералы пиролюзит. Марганецтин запасы: С1 категориясы б-ча С1– 11,458 миң т, С2– 17,665 миң т. С1+ +С2 – 29,118 миң т.