КАПТАЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПТА́Ж (лат. captage – кармайм, тосом) – жер астындагы суу, нефть ж-а газды жер бетине чыгаруу, пайдалануу үчүн жүргүзүлгөн инж.-тех. иш-чаралар комплекси. К. курулмаларынын эң байыркы түрлөрүнүн бири – кяриз (кыртыш суусун жер бетине чыгарат) Түш. Чыгыш Азия­да (а. и. Борб. Азияда) көп колдонулган. Азыр­кы К. курулушу жердин гидрогеол. шартына, суунун курамына ж-а запасына карата ар кан­дай типте ж-а констр-да курулат. К-дын эң жө­нөкөй түрү жер астынан суу чыгаруучу шахта­лык кудук. Кудук бекем болсун үчүн капталда­рына таш, кыш тизилет. К-дын эң көп колдо­нулган түрү жалгыздан ж-а топтоштурулуп бур­гуланган көзөнөк болуп эсептелет. Мындай К-дар 2 км тереңдиктеги сууларды жер бетине чыгарат. Пайдалануу ыгына жараша фонтан­дык, компрессордуу, насостуу, бургуланган көзө­нөктүү К-га айырмаланат. Көбүнчө сугат ишин­де ж-а мал сугарууда пайдаланылат.