КАПРИЧЧО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПРИ́ЧЧО , к а п р и ч ч и о (итал. сapriccio – кубулуу, наздануу) – виртуоздуу стилде аткары­луучу эркин формадагы аспаптык пьеса. К. аде­генде мадригал тибиндеги вокалдык пьеса бол­со, 16–17-к-да ричеркар, канцона, фантазия, токката сымал полифониялык музыкага жа­кындашат. К-нун эң сонун үлгүлөрү – Н. Пага­нининин скрипка үчүн «24 каприччосу», Н. Рим­ский-Корсаковдун «Испан каприччосу», П. Чай­ковскийдин «Италян каприччосу». Композитор­лор көбүнчө К. үчүн элдик обондорду негиз кы­лып алышкан.