КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР , а л к а нд а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р –
мол еку ладагы к ө мүрт ек атомдору өз ара жөнөкөй, ал эми көмүртектин калган валенттүүлүктөрү суутек атомдору м-н байланышкан орг. бирикмелер. К. у. чектүү углеводороддор деген ат м-н да белгилүү. Алардын эң
жөнөкөйү – метан CH4 (саз газы же кен газы).
К. у-дун гомол. катарын метандын молекуласындагы суутек атомдорун удаалаш метил радикалы (–CH3) м-н орун алмаштыруудан алууга болот. Ар бир кийинки мүчөсүнөн CH2 – метилен тобу м-н айырмаланган углеводороддордун катары гомол. катар, ал эми – CH2 тобу
гомол. айырма деп аталат. К. у-дун жалпы формуласы CnH2n+2. (n – молекуладагы көмүртек
саны). К. у-дун биринчи төрт мүчөсүнүн аты немис окумуштуусу Гофмандын сунушу б-ча
метан – CH4, этан – C2H6, пропан – C3H8, бутан – C4H10 деп тривиалдык номенклатура б-ча
аталган. Калган К. у-го кийинчерээк молекуладагы көмүртектин санына жараша грек сандары пайдаланылган. Мис., C5H12 пентан (беш),
C6H14 гексан (алты), C7H16 гептан (жети), C8H18 октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (тогуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), пентаок-
тан (элүү) ж. б. у. с. Бардык эле чектүү углеводороддордун аттары «ан» мүчѳсү м-н аяктагандыктан, алар жалшысышан алкандар деп аталыш калган. К. у. биринчи үч мүчѳсү бирден гана структуралыгк формулага ээ. 4-мүчѳсүнѳн баштап изомерия кубулушуна ээ. Молекуладагы кѳ- мүртек атомунун санынын ѳсүшү м-н структуралыгк изомерлердин саны да ѳсѳт. Мис., пентан C5H12 үч, гептан C7H16 9, октан C8H18 18, декан С10H22 75 изомерге ээ. К. у - дун 1-т ѳрт мүчѳсү кадимки шартта газ, 5-мүчѳсүнѳн 17-мүчѳсүнѳ чейин суюктуктар, андан жогоркулары - катуу заттар. К. у. сууда ѳтѳ аз, ал эми кѳпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы эрийт. .Алар хим. реагенттерге инерттүү болгондуктан, парафиндер деген ат берилгеи. Бирок ѳзгѳчѳ шартта К. у. эркин радикалдар м-н оңой эле реакцияга кирет. Реакция С-С же С-H байланыштарыныш үзүлүшү м-н жүрѳт. Эгер реакция С-Н байланышышыш үзүлүшү м-н жүрүп, суутек атому башка атом же атом тобу м-н орун алмашса, орун алмашуу реакциясы, ал эми С-С байланышыныш үзүлүшү м-н жүрсѳ, ажыроо реакциясы деп аталат. Мис., метанды хлорлоодон - метилхлорид (СН3С1), метиленхлорид (СН2С12), хлороформ (CHCl3), нитрлѳѳдѳн нитроалкандар ж. б. алынат. Жогорку темп-рада ысытуудан К. у. майда бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнүп, чектүү ж-а чексиз углеводороддордун аралашмасын пайда кылат. К. у-дун мол. массасыг канчалык чоң болсо, ошончолук жогорку темп-рага туруксуз келет: 2СН4 ==> С2Н2+3Н2. К. у. нефть, таш кѳмүр, ѳсүмдүктѳрдүн курамында кѳп. Синтез жолу м-н да алышат. Алар пластмассаларды, каучуктарды, булаларды, кир кетирүүчү заттарды алууда баштапкы зат катары колдонулат. Ракета ж-а мотор отундарышыш басымдуу бѳлүгүн түзѳт.
С. А. Адылов.