КАНЦЕРОГЕН ЗАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНЦЕРОГЕ́Н ЗАТТАРЫ – организмге таасир эткенде рак ж. б. шишик ооруларын пайда кылуучу түрдүү хим. бирикмелер. Алар кээ бир ө. ж. ж-а өндүрүш таштандылары м-н булганган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтүнүндө болот. Өпкө рагы м-н тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин к-таларынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. О. эле тышкы чөйрөнүн терс таасири – абанын булгануусу, нурлануу ж. б. себеп болот. Организмге кирген К. з-дын таасири анын өлчөмү м-н таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алууда жеке тазалыкты сактоо, атм., аба, суу, жер кыртышы, тамак-аш азыктарын К. з. м-н булгануудан коргоо чоң мааниге ээ.