КАНТАТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАНТА&#769;ТА</b> (лат. cantare – ырдоо) – солист, хор
<b type='title'>КАНТА&#769;ТА</b> (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал&shy;дык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, куба&shy;нычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мү&shy;нөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ари&shy;ялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата 17-кылымдын 1-жа&shy;рымында Италияда пайда болгон. Италян кантатасынын гүлдөп-өсүшү 17-кылымда А. Скарлатти, Ж. Карис&shy;сими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачы&shy;лыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. 18–19-кылымдарда композиторлор Г. Гендель, В. Мо&shy;царт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башкалар бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонацияла&shy;ры колдонулат. Композиторлор С. Прокофьевдин «Алек&shy;сандр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов та&shy;лаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраев&shy;дин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасанов&shy;дун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантаталар бар.
ж-а оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал&shy;дык-аспаптык чыгарма. К. салтанаттуу, куба&shy;нычтуу, лирикалык, кайгылуу ж-а баяндоо мү&shy;нөзүндө болот да, жарандык ж-а диний деп бөлүнөт. Адатта К. оркестрдик киришмеден, ари&shy;ялардан, речитативдерден ж-а хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын
чакандыгы м-н айырмаланат. К. 17-к-дын 1-жа&shy;рымында Италияда пайда болгон. Итал. К-нын гүлдөп-өсүшү 17-к-да А. Скарлатти, Ж. Карис&shy;сими, Ф. Кавалли ж. б. композиторлордун чыг&shy;лыгы м-н мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык ж-а диний К-нын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн
жараткан. 18–19-к-да комп. Г. Гендель, В. Мо&shy;царт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков ж. б. бир топ олуттуу К-ларды жазган. К-да хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонацияла&shy;ры колдонулат. Комп. С. Прокофьевдин «Алек&shy;сандр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов та&shy;лаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраев&shy;дин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасанов&shy;дун «Кыргызстан гүлдөсүн» ж. б. көрүнүктүү К-лар бар.
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

05:09, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНТА́ТА (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал­дык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, куба­нычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мү­нөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ари­ялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата 17-кылымдын 1-жа­рымында Италияда пайда болгон. Италян кантатасынын гүлдөп-өсүшү 17-кылымда А. Скарлатти, Ж. Карис­сими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачы­лыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. 18–19-кылымдарда композиторлор Г. Гендель, В. Мо­царт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башкалар бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонацияла­ры колдонулат. Композиторлор С. Прокофьевдин «Алек­сандр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов та­лаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраев­дин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасанов­дун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантаталар бар.