КАНТАТА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТА́ТА (лат. cantare – ырдоо) – солист, хор ж-а оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокалдык-аспаптык чыгарма. К. салтанаттуу, кубанычтуу, лирикалык, кайгылуу ж-а баяндоо мүнөзүндө болот да, жарандык ж-а диний деп бөлүнөт. Адатта К. оркестрдик киришмеден, ариялардан, речитативдерден ж-а хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы м-н айырмаланат. К. 17-к-дын 1-жарымында Италияда пайда болгон. Итал. К-нын гүлдөп-өсүшү 17-к-да А. Скарлатти, Ж. Кариссими, Ф. Кавалли ж. б. композиторлордун чыглыгы м-н мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык ж-а диний К-нын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. 18–19-к-да комп. Г. Гендель, В. Моцарт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков ж. б. бир топ олуттуу К-ларды жазган. К-да хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонациялары колдонулат. Комп. С. Прокофьевдин «Александр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов талаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраевдин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасановдун «Кыргызстан гүлдөсүн» ж. б. көрүнүктүү К-лар бар.