КАНТАБРИЯ ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ</b> Испаниянын түндү­гүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булу­ңун жээктей 500 <i>км</i>ге созулат. | <b type='title'>КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ</b> Испаниянын түндү­гүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булу­ңун жээктей 500 <i>км</i>ге созулат. Бийиктиги 2648 <i>м</i>ге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыя­лардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түштүк кап­талы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү струк­турасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орточо бийиктиги 2000 <i>м</i> чамасын­да) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 <i>м</i>) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түндүк капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 <i>м</i> бийик­тен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар. | ||
чейин. | |||
жапызыраак чыгышынын (1000–1500 <i>м</i>) тоо | |||
кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:41, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ Испаниянын түндүгүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булуңун жээктей 500 кмге созулат. Бийиктиги 2648 мге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыялардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түштүк капталы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү структурасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орточо бийиктиги 2000 м чамасында) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түндүк капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийиктен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар.