КАНИГУТ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНИГУТ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Баткен р-нунда, Шураб ш-нан 20 км түш.-батышта, деңиз деңг. 1500–1800 м бийикте. Кен жерг. элге илгертен белгилүү. 1948–53-ж. чалгындоо, 1989– 92-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозой заманында пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Тоо тектер бүктөлүүгө дуушарланып, синклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Полиметалл кени синклиналдык түзүлүштүн түн. канатында, акиташ тектериндеги тектон. терең жаракаларга топтолгон. Кенташ тулкулары линза, уя, тарамча түрүндө, калыңдыгы 20–40 мге жетет. Негизинен галенит, сфалерит, марказит, гематит, пирит, халькопирит, лимонит, гетит, пиролюзит, ярозит ж. б. турат. Кендеги коргошундун кондициялык өлчөмү 2,3%, цинк – 1,89%. Кен гидротерм процессинен пайда болгон. Запасы С1 категориясы б-ча: коргошун 4,8 миң т, цинк 2,1 миң т; С2 категориясы б-ча коргошун 4,0 миң т, цинк 1,8 миң т (1952). 1950-жылдан казып алынат. Кендеги күмүштүн запасы С1+С2 категориясы б-ча 76,3 т, болжолдуу ресурсу 282,86 т, бардыгы 357,36 т.