КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун алабында. Эңилчек кырка тоосунун ортоңку бөлүгүндө, анын түн. айрыгынын араларында жайгашкан. Уз. 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5257 м, этеги 3150 м бийикте. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили м-н тартылып, кайра ордуна келип турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Ат-Жайлоо суусу башталат.