КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ , Т о ң ш а а р к а л д ы г ы – 6–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Көл аймагындагы Туура-Суу айылынын сол тарабында жайгашкан. Шаар үч бөлүктөн: борб. бөлүгү (цитадель), анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары ж-а курулуш имараттарынан (шахрстан) турган. Шаар сокмо дубал (бийикт. 4–8 м, туурасы 3–5 м) м-н курчалган. Тоолорго ыңгайлуу кароол дөбө-

лөр тургузулуп, андан ондогон км аралыктагы жерлер көрүнгөн. Шаардын 100 гага чейинки аянттарында карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн ж-а дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө ж-а шахрстанда шаар башкаруучуларынын, дөөлөттүү адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, жейрендин алтын, короздун коло сөлөкөттөрү, коло билерик, шакек, шам чырак орнотулуучу буюм, белине кылыч асынган, он ок элинин жоокер аялын чагылдырган таш айкел, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар ж-дө маалыматтар о. кылымдардагы жазма булактарда кездешет. Бул шаар тууралуу 19-к-дын 70-жылдарында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, о. эле В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам ж-а Д. Ф. Винник, 2010-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» ун-ти (жетекчиси К. Табалдиев) уюштурган археол. экспедициясы изилдеген.