КАНДИДОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНДИДО́З</b> , к а н д и д а м и к о з – теринин, | <b type='title'>КАНДИДО́З</b> , к а н д и д а м и к о з – теринин, былжыр челдин ж-а ички органдардын ачыткы мите козу карындар козгоочу оорусу. Кандидоздун пай­да болушуна углевод алмашуунун бузулушу, ичегинин дисбактериозу, организмге керек зат­тардын жетишсиздиги, <i>антибиотиктерди</i> врач­тын көзөмөлүсүз көп колдонуу себеп болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу мик­робдор м-н бирге тамак сиңирүүгө катышуучу микробдорду жок кылып, адамдын териси ж-а былжыр челиндеги микроорганизмдердин биологиялык тең салмактуулугун бузат. Натыйжада антибио­тиктердин таасирине чыдамдуу кандидоздун козгогуч­тары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. Кандидоз м-н ооз ичи, жыныс органдарынын былжыр чели, тери бүктөөлөрү, тырмактын түбү ж. б. жабыркайт. Ооз былжыр челинин кандидозу эмчектеги балада ж-а улгайган кишиде көп жолу­гат. Организми начарлаган, оорукчал балада адегенде оозул пайда болуп, тили, бүйлөсү кы­зарып, андан кийин ак катмар м-н капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат. Өтө семиз кишинин ж-а баланын чатында, ман­жа арасында пайда болот. Эгер оору көпкө со­зулса, ичеги, карын, өпкө клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүт денени ууландырат. Жашыл­ча-жемиш м-н, ошондой эле мончодо иштеген ж-а идиш-­аяк жууган адамдардын тырмагынын түбү жа­быркайт. Оору лабораториялык жол м-н аныкталат. Да­рылоодо мите козу карынга каршы дарылар бе­рилет. Алдын алуу үчүн жеке тазалыкты сак­тап, антибиотик ж. б. дарыны врачтын көрсөт­мөсү м-н гана колдонуу зарыл. | ||
былжыр челдин ж-а ички органдардын ачыткы мите козу карындар козгоочу оорусу. | |||
Өтө семиз кишинин ж-а баланын чатында, ман­жа арасында пайда болот. Эгер оору көпкө со­зулса, ичеги, карын, өпкө клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүт денени ууландырат. Жашыл­ча-жемиш м-н, | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:35, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАНДИДО́З , к а н д и д а м и к о з – теринин, былжыр челдин ж-а ички органдардын ачыткы мите козу карындар козгоочу оорусу. Кандидоздун пайда болушуна углевод алмашуунун бузулушу, ичегинин дисбактериозу, организмге керек заттардын жетишсиздиги, антибиотиктерди врачтын көзөмөлүсүз көп колдонуу себеп болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу микробдор м-н бирге тамак сиңирүүгө катышуучу микробдорду жок кылып, адамдын териси ж-а былжыр челиндеги микроорганизмдердин биологиялык тең салмактуулугун бузат. Натыйжада антибиотиктердин таасирине чыдамдуу кандидоздун козгогучтары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. Кандидоз м-н ооз ичи, жыныс органдарынын былжыр чели, тери бүктөөлөрү, тырмактын түбү ж. б. жабыркайт. Ооз былжыр челинин кандидозу эмчектеги балада ж-а улгайган кишиде көп жолугат. Организми начарлаган, оорукчал балада адегенде оозул пайда болуп, тили, бүйлөсү кызарып, андан кийин ак катмар м-н капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат. Өтө семиз кишинин ж-а баланын чатында, манжа арасында пайда болот. Эгер оору көпкө созулса, ичеги, карын, өпкө клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүт денени ууландырат. Жашылча-жемиш м-н, ошондой эле мончодо иштеген ж-а идиш-аяк жууган адамдардын тырмагынын түбү жабыркайт. Оору лабораториялык жол м-н аныкталат. Дарылоодо мите козу карынга каршы дарылар берилет. Алдын алуу үчүн жеке тазалыкты сактап, антибиотик ж. б. дарыны врачтын көрсөтмөсү м-н гана колдонуу зарыл.