КАНДАГАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНДАГА́Р – Афганстандын түш.-чыгышында­гы шаар. Кандагар вилаейетинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Аргандаб д-нын өрөөнүн­дө, деңиз деңг. 1000 м бийикте, айланма авто­трассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта ш. м-н (Пакистан) байла­нышат. Калкы 347,3 миң (2008); калкынын са­ны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде не­гизделген. 1818–55-ж. Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамын­да. Шаар 1979–81-ж. Афган конфликтинде (1979–89) катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги тая­ныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дур­рани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, се­пилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленде­лет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл тор­ко) ө. ж. ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таш­тардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. К-га жакын б. з. ч. 5– 4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын кал­дыктары, Мундигак ш-нын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бе­тиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.

Т. Чодураев.