КАНБЕРРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНБЕ́РРА – Австралиянын борбору (1927-жылдан) шаар. Австралиянын түш.-чыгышында, дөңсөөлүү түздүктө, деңиз деңг. 600 м бийикте, Берли-Гриффин жасалма көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 329,2 миң (2008). К. шаар айланасы м-н өз алдынча адм. бирдикти түзөт.
Өлкөнүн ил., ишкер ж-а маданий борбору. Т. ж. аркылуу Сидней ш. м-н туташат. Шаар амер. арх. У. Б. ж-а М. М. Гриффиндердин долбоору б-ча (эл аралык конкурста жеңген) 1913-жылдан курула баштаган. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө
чөйрөсү түзөт. Коомдук, мамл. ж-а саясий уюмдардын штаб-квартиралары, улуттук ири банктардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Тамак-аш, жеңил, полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. ИА, Улуттук CSIRO агентчилигинин штаб-квартирасы, Австралия аборигендерин ж-а Торрес кысыгындагы аралдардын жашоочуларын изилдөөчү ин-т, ун-ттер, китепканалар, улуттук га-

лерея, илим ж-а техника улуттук борбору, музейлер (а. и. динозаврлар), театрлар (а. и. опера), Австралия аскер мемориалы ж. б. бар. Бардык курулуштары неоклассика стилинде салынып, 11–12 кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган. Ботан. бак, зоопарк ж-а аквариум уюштурулган. Жыл сайын улуттук фольклор ж-а гүлдөр фестивалдары өткөрүлүп турат.